ТИМ: "Түндүк Кипрдеги аскер полигонунда Кыргыз жеринен барган 13 жаштагы баланын каза болгондугу тууралуу маалымат такталган жок"

Түндүк Кипрдеги аскер полигонунда Кыргыз жеринен барган 13 жаштагы бала минага жарылып каза болгондугу тууралуу маалымат такталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.

"Бул тууралуу маалымат тараган соң Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилигине кайрылганбыз. Түндүк Кипр Республикасы менен Кыргыз өлкөсүнүн расмий мамилеси жок.

Маалыматты расмий түрдө тактоо үчүн эки өлкөнүн ортосунда расмий мамиле болуусу шарт. Бул себептерден улам аскер полигонунда Кыргыз Республикасынан барган бала минага жарылгандыгы боюнча маалыматтын тактыгы аныкталган жок", - дейт Дыйканбаев.

Буга чейин 13-декабрь күнү кечинде Мустафа Исмаилов аттуу тестиер бала дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси Морфу шаарындагы аскер полигонунан табылганы жазылган. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, ал атышуу учурунда жарылбай калган снарядды басып алган. Андан кийин ал жарылып кетип, каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан