8 жаштагы Эльдар Дооронов бир жылдан бери оор илдет менен күрөшүп келе жатат. Бир нече ай дарылануудан кийинки анализдеринин жыйынтыгында анда онкологиялык оорулардын белгилери азайып, дээрлик жоголгон. Бирок абалы кайра начарлап, башы ооруп, кусуп баштаган. Текшерүүдөн кийин Эльдардын организминен нерв системин жабыркаткан кан рагынын (лейкемия) клеткалары табылган. Мындан улам анын кан пайда кылуучу органдарын, сөөк чучугунун клеткаларын (костный мозг) алмаштыруу муктаждыгы чыккан. Азыр ал Индияда дарыланууда. Уулунун бул дарт менен күрөшүп жатканы тууралуу апасы Айнура Калиева айтып берди.
"МЕНДЕН АЛГАН КЛЕТКАЛАРДЫ УУЛУМА КОТОРУП ЖАТЫШАТ"
20-декабрда трансплантация башталды. Мен донор болуп, менден алган клеткаларды Эльдарга коюп жатышат. Донордун клеткасын 6 саат чогултушат экен. Донор болор алдында бир катар текшерүүлөрдөн өтүп, мендеги клеткалар аз болгондуктан мага кымбат дары каражаттарын беришти. Диагнозу кан пайда кылуучу органдагы рак (острый лимфобластный лейкоз Б-3) болчу. Акыркыдан алдыңкы стадияда эле. Ремиссияга чыккандан кийин нейролейкоз (ак кандуулуктун өтүшүп кетиши менен нерв клеткаларынын түзүмдөрүнүн бузулушу) болуп кетти. Рак клеткалары мээсине жетип, бир жаагы кыймылдабай калган. Бети эч нерсе сезбей, эриндерин кыймылдата албай, эмоциясын билдире албай калган эле. Бир ай бетине миостимуляция жасап, азыр кичине бир жаагын кыймылдатып күлөт. Бирок көзүн катуу жума албайт. Жандандыруу бөлүмүндө болгондуктан бетине өзүңөр массаж жасап тургула дешти. Азыр дарылануусунда жылыш бар.
"МЕН БААТЫР БОЛУП АДАМДАРГА ЖАРДАМ БЕРЕЙИН..."
Эльдар чыгыш согуш өнөрүнө кызыгат. Кээде туруп ниндзя болуп кетет. Таэквандого мени менен барчу. Эртең менен туруп кышылдап кыймылдап калганда "эмне кылып жатасың? Жат!" десем, көнүгүү жасап жатам дечү. Спортко аябай кызыгат, супермен болгусу келет. Жазга жакын ооруканада амбулатордук ремиссияга чыкканбыз. Ошондо Кудайга да, башка планетадагыларга дагы деп кат жазып, шарга салган элек. Ал "Мен адамдарды куткарайын, балдар оорубашы үчүн кам көрөйүн, адамдарга жардам берейин. Мага омнетрикс жасап берип жибер (омнетрикс - мультфильмде адамдарды күчтүү башка планеталык жандыкка айланта турган саат). Мен баатыр (супергерой) болоюн" деп жазган.
"ҮЙ САТАБЫЗ ДЕГЕН ЖАРЫЯГА ЖАЗЫЛГАН КОММЕНТАРИЙЛЕР МААНАЙЫМДЫ ТҮШҮРҮП КОЙДУ"
Бизге көп адамдар жардам беришти. Атам, атамдын туугандары марафон өткөрүп, концерт уюштуруп чуркап жүрүштү. Бир туугандарым, айылдагы тааныштарыбыз баары чогултуп, 11 миң доллар менен Индияга келгенбиз. Ар кимдин жардамы, мурунку кесиптештерим, Ооганстанда иштеген сиңдимдин кесиптештери болуп каражат чогултуп жалпы 30 миң доллар төктүк. Акча керек болуп Кара-Балтадагы үйүмдү сатып жаткан элем. Сатып алгысы келгендердин көбүндө накталай акчасы жок экен. Үй сатылса да акчасы бир топко жетип калмак. Билеттин баасы дагы кымбат болуп, каражат тартыштыгынан Кыргыз жерине барып-келе албай жатабыз. Анын үстүнө Эльдардын абалы оор, ага чыдабайт. Сөөктөрүндө, буттарында кубат жок. Социалдык тармактарга үй сата тургандыгыбызды жарыя кылып Эльдарга акча керек деп жазсам "марафондун эсебинен байып кетишти, мындайда ишеним жоголот" деген комментарийлер жазылыптыр. Аны окуп маанайың түшүп калат экен.
"ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН АБАЛЫН КӨЗӨМӨЛДӨП ТУРУУГА 20 МИҢ ДОЛЛАРДАЙ КАРАЖАТ КЕРЕК"
Трансплантацияга чейин көп каражат кетти. 40 күн палатада жаттык. "Клеткалар өзүнөн өзү жок болуп кетип жатат" деп ошону дарылашты. Трансплантация өзү 15 миң доллар дешкен. Биз немис фондунан жардам сураганбыз. Алар транслантациянын өзүн төлөп беребиз дешти. Ага чейинки, андан кийинки процедураларга каражат керек болууда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө күнүнө 200 доллардан төлөйбүз. Гепатиттин дарылары кымбат болуп жатат. Немис фонду трансплантацияны төлөп берсе, дагы 20 миң доллардай каражат керек болуп калат экен. Эки ай ооруканада жатканыбыз кымбат болуп жатат. Индияда ар апта сайын текшерүүдөн өтүп турушубуз керек. 2-3 айда ден соолугу жакшырат деп күтүп жатабыз.
Кичинекей Эльдардын жакындары кайрымдуу адамдардан жардам сурашат. Жардам берүүнү каалагандар үчүн банк реквизиттери:
DemirBank: 1180000084931588
Kg.KICB: 1280016044137437.