ИИМ: "Милиция кызматкери базарда соода кылгандардан акча талап кылат деген маалымат такталган жок"

Ленин райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери базарда жолдун четинде соода кылгандардан акча талап кылат деген маалымат такталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Канатбек Досов билдирди.

"Негизи мындай маалыматтар социалдык тармактарда 1 айдан бери чыгып жүрөт. Интернетте бул маалымат чыккан соң Ички иштер министрлиги жана Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, интернетте аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкери соодагерлерден акча талап кылгандыгы боюнча тараган маалымат аныкталган эмес", - деди Досов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Megapoliz
2018-12-21 20:45:02
Мен 2 жылдан бери жергебизде боло элекмин бирок мурун чынында алышчу акча байкуштарды кыйнап азыр билбейм кантип атышат
+3
taalay25
2018-12-21 21:15:54
Megapoliz,азыр деле алат)
0
AIA-TOO
2018-12-21 21:34:42
taalay25, ооба алышат ач калгандар.
+3
Tolkun555
2018-12-22 00:44:44
Мен былтыр Кыргызстанга барганымда козум менен кордум Баткендин базарында мажбур кылып товарынан акчасын бербей алып жатканын.колумдан эч нкрсе келген жок.формасы бар экен кудай озу жасаласын деп койдум.
0
senchi
2018-12-22 12:14:57
Формасы болсо эле кудайга оздорун тенеп алышат, коркпой айткыла алганын. Ким алганын арыз менен кайрылып койгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан