Финансылык чалгындоо кызматы: "Учурунда аракет көрбөсөк, шектүү адам банктагы акчаларын башка жакка чыгарып кетиши мүмкүн"

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардагы эсеп жана ячейка ээлери боюнча сөзсүз реестр түзүүсү керек. Бул тууралуу аталган мекеменин статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев 21-декабрда банктардан эсеп жана ячейкасы бар кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган документ боюнча түшүндүрмө берип жатып айтты.

Анын билдиришинче, шек жараткан адамдын маалыматтарын чогулткан учурга чейин банктагы активдерин башка жакка чыгарып кетиши мүмкүн.

"2012-жылдан бери Кыргыз өлкөсү евразиялык топтун мүчөсү болуп саналат. Анда терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы туруу үчүн эл аралык стандарттарды сактоого милдеттеме бар. Ошол милдеттемелердин ичиндеги сунуштардын биринде банктык эсептерди тез табуу үчүн механизм болушу керек.

Мисалы, кылмышты тергеп жатканда оперативдүү маалыматты алышыбыз керек. Ошол учурда банктарга суроо-талап жиберип кайра маалымат алганга чейин 20 күндөй убакыт өтүп кетет. Ал арада шектүү адам акчаларын башка жакка чыгарып кетиши мүмкүн. Ошондуктан биздин милдет - финансылык коопсуздукту камсыздоо, терроризмди каржылоо менен байланышкан активдерди убагында токтотуп калуу", - деди Кененбаев.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты 18-декабрда интернетке жарыяланган.

Андагы маалыматка ылайык, бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылганы жана мындай иш-аракеттер "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү" боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн. Бирок бул талапка Кыргыз жериндеги банктардын бирикмеси, Экономика министрлиги жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары каршы пикирин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан