Министрлик: "Чүйдө аялдамага ташталган наристенин апасынын жашоо шарты начар"

Чүйдө аялдамага ташталган наристенин апасынын жашоо шарты начар экенин бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Чүй облусунун райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Эльза Исмаилова билдирди.

"Биздин кызматкерлер келиндин жашаган үйүнүн шартын көрүп келишти. Абалы начар экен. Келин бизге түштөн кийин келип жолугуусу керек болчу. Учурда күтүп жатабыз. Ал эми наристенин абалы жакшы, ал балдар үйүндө багылууда", - деди ал.

Буга чейин Чүй облусунун Бурана айылында бир жарым жаштагы наристени кийимдери менен аялдамага таштап кетишкени маалымдалган. Наристени 10 күнгө чейин эч ким издеп келген эмес. Кийинчерээк наристени аялдамага анын чоң энеси таштап салганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aikaaaa
2018-12-21 18:10:54
Ошо,ошентип кыйналганы үчүн баланы атасына берип атат да, а ал келесоонун энеси экөөнүн кылганы тиги
+17
fanatka19
2018-12-21 22:33:20
аялдамага таштап кеткен чон энеси дагы баланын атасы да жоопко тартылсын. эмне учун баланы экоо жаратат да жоопкерчилик коп учурда энеге жуктолуп калат.
+20
Baktikan
2018-12-22 10:35:30
Apasi tuura emes kilgan,kolu butu jok invalid emestir,eptep elden jardam surap,tiriship ishtese dele osho kichine naristeni tashtabai koiso bolmok,
-8
meni_kut
2018-12-22 10:54:36
Baktikan,Эркектин милдети баланы жаратып коюу гана эмес,багып эрезеге жеткируу.Аял уйдо отуруп, тарбия берет.Сен барып бакчудай дооруп жазыпсын, кемпай чон энеси соттолсун,небереси суукка тонуп олсо не болот?
+5
Baktikan
2018-12-22 13:25:56
meni_kut,osho chon enesine ishenip tashtagan apasi ХХХХ,ayal uydo oturup tarbiya beret degen al senin oyun ekoo ten mildettu , neberesi suuka tonup olso apasi da joopko tartilat tashtap ketkendi uchun,
-4
bema_bema
2018-12-22 11:47:32
Ушуну жон калтырбаш керек, наристенин атасы менен ,чон энесин жоопко тартыш керек.Качанкыга чейин апа байкуш куноолуу болот.баланы торотконду билет,анан бакканга келгенде кылган кылыгын кара.
+6
senchi
2018-12-22 12:04:10
Сот алдында куйоосу,апасы жооп берсин
+4
Baktikan
2018-12-22 13:27:30
Birinchi tashtaardin aldinda oilonush kerek a eger takir baga albai jatsa antip tashtap jetpei birinchi chon enesi baga alabi taktap andan kiyin alparat barip tashtap ketchudoi bala emne buyum bele
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан