Финансылык чалгындоо кызматы: "Банк кардарларынын реестри түзүлбөсө Кыргыз өлкөсү "кара тизмеге" кирип калышы ыктымал"

Банк кардарларынын реестри түзүлбөсө Кыргыз өлкөсү евразиялык топтун "кара тизмесине" кирип калышы ыктымал. Мындай пикирин Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев 21-декабрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз өлкөсү 2019-жылдын май айында евразиялык топко террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча отчёт берет.

"Кыргыз өлкөсү учурда евразиялык топтун мониторингинде турабыз. Эгерде эл аралык талаптарды аткарбасак "кара тизмеге" кирип калуу коркунучу бар. Анткени кийинки жылдын май айында евразиялык топко террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча отчёт беребиз", - деди Анарбаев.

Анарбаев Кыргыз өлкөсү "кара тизмеге" кирип калса, банктарга байланыштуу бардык иштер токтотулуп калышы мүмкүн экенин эскертти.

Андан сырткары Анарбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын "банк реестри түзүлсө инвесторлор өлкөгө келбей калат" деген сөздөрүнө кошулбай турганын айтты. Анын билдиришинче, инвесторлор көпчүлүк учурда акчаларын банк ячейкаларында сактабайт.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты 18-декабрда интернетке жарыяланган.

Андагы маалыматка ылайык, бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылганы жана мындай иш-аракеттер "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү" боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн. Бирок бул талапка Кыргыз жериндеги банктардын бирикмеси, Экономика министрлиги жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары каршы пикирин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан