Сузак районунда көз жарган 16 жаштагы эки эненин ата-энелери жана кайын журт тарабы бири-бирине арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, кыздардын бири Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну, ал эми экинчиси Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну.
"Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, чогултулган материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бирок эки жаш эненин ата-энелери жана кайын журт тарабы бири-бирине арыз жазуудан баш тартышкан. Тараптардын бири-бирине арыз жазбагандыгынан улам иш токтотулушу мүмкүн", - дейт Ашырбаев.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
25-октябрь күнү Сузак районунун аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө эки кош бойлуу келин жаткырылган. 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү алар көз жарган. 31-октябрь күнү эки келин төрөт үйүнөн чыгып жатканда дарыгерлер алардын паспортторун сурашкан. Алардын жакындары кыздардын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктөрүн алып келишкен. Дарыгерлер эки жаш эне төрөт үйүнөн чыгып жатканда гана алар 16 жашта экенин билишкен.