Элмира Барыктабасова Сотторду тандоо кеңешинин төрайымы болуп шайланды.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кеңештин мүчөлөрү 21-декабрда чогулуп учурдагы төрага Тилектеш Бегалиевдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жыйындын күн тартибинде жаңы төраганы шайлоо маселесин коюшту.
Жыйында аталган кызматка Элмира Барыктабасова менен Алтынбек Кубатбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Барыктабасова төрайым, Алтынбек Кубатбеков анын орун басарлыгына шайланды.
Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамына ылайык, кеңештин төрагасы жана анын орун басары бир жылдык мөөнөткө шайланат.