Жаңы жылга караган түнү Бишкекте коомдук транспорт саат 2:00гө чейин каттайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 1-январына караган түнү автобустар, троллейбустар жана бустар түнкү саат 2ге чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт. Жарандар "Ала-Тоо" аянтынан үйлөрүнө төмөнкү маршруттар менен жете алат:
Автобустар:
- №7: Дача – Аламүдүн-1 кичи району;
- №9: Тынчтык конушу – Асанбай кичи району;
- №38: 110-квартал – Асанбай кичи району;
- №42: "Ала-Тоо" аянты – 12-кичи району.
Троллейбустар:
- №2 (Аламүдүн-1 кичи району – "Фрунзе" заводу);
- №4 (Эт комбинаты – Терини кайра иштетүүчү завод);
- №7 (Туңгуч кичи району – Ак-Өргө конушу);
- №8 (Ак-Өргө конушу - Лермонтов көчөсү);
- №10 (Асанбай кичи району – "Фрунзе" заводу);
- №14 (Жогорку Жал – Киркомстром).
Кичи автобустар:
- №222 (Ак-Ордо конушу - Алтын Ордо конушу);
- №224 (Келечек конушу - "Жеңиш" конушу);
- №254 (Ак-Ордо конушу- Чыгыш айылы);
- №166 (Кызыл-Аскер айылы – "Аю-Гранд" борбору);
- №211 (МТФ – Тынчтык конушу);
- №260 (Арча-Бешик конушу - Бакай Ата конушу);
- №164 (Баетов – Көк-Жар);
- 143 (Маевка – Кыргызстан);
- №219 (Учкун – Коммунаров);
- №240 (Энесай жаңы конушу– 110 квартал);
- №192 (Ак-Ордо – Дордой 2).