Башкы прокуратура коррупциялык иштерден өндүрүлгөн эсепке 10 миллион 792 миң сом которду. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 326 миллион 827 миң сомдон ашты.
22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.
Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.