Бүгүн, 24-декабрда депутат Айтмамат Назаров юстиция министринин орун басарлары комитет жыйынына келбегенине нааразы болду.
Жыйынга аталган министрликтин жер мыйзамдар боюнча бөлүм башчысы Медер Сламкулов келген.
Анда Назаров өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары Исламбек Мойдиновдон эмнеге министрдин орун басарлары жыйынга келбегенин сурады. "Жер боюнча мыйзам долбоору каралып жатса жыйынга бөлүм башчы келеби? Ушундай деңгээлге түшүп кеттикпи?" - дейт эл өкүлү. Мойдинов тийиштүү министрдин орун басары Максатбек Эсеналиев ооруп калганын айтты.
Депутат: "Бардык орун басарлар ооруп калыптырбы? Текшергиле, чын эле ооруп калганбы же башка себептер барбы?" - деди. Мойдинов бул маселе эске алына турганын билдирди.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.