Депутат Жээнчороев: "Кыргыз мамлекети боюнча жылына 9 миң окуучу мектепти толук аяктабайт"

Бүгүн, 24-декабрда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында Жогорку Кеңештин депутаттар тобу демилгелеген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Жээнчороев мыйзам долбоору 9-классты бүтүрүп, андан ары билимин улантпаган өспүрүмдөргө багытталарын билдирди.

“Кыргыз мамлекети боюнча жылына 9 миң окуучу 9-классты бүтүп, андан ары билимин улантпай таштап коюп жатат. Алар окуусун таштап коюп, жаман иштерге тартылып, экстремизмге катыштыгы болууда. Бул маселелердин алдын алуу керек. Мыйзам долбоорунун максаты да мектепти таштап койгон окуучуларга багытталат. 10-11-классты окубагандарга кесиптик окуу жайларда милдеттүү түрдө окуусун улантуусу каралат. Сабаттуу жаштарды өстүрүшүбүз зарыл. Анткени алар биздин келечек. Эгерде жыл сайын 9 миң окуучу эч жерде билим албай кала берсе, биздин келечек муундан эч нерсе чыкпайт”, - деди эл өкүлү.

Жээнчороев Кыргыз мамлекети боюнча Ош облусунда мектептеги окуусун таштаган окуучулардын саны көп экенин кошумчалады.

“2017-жылы Ош облусунда 9-классты бүткөн окуучулардын 40 пайызы 10-11-классты окуган эмес. Ал эми Жалал-Абад облусунда 35 пайызды, Нарында 1 пайызды түзөт”, - деди депутат. Мыйзам долбоорун ишке ашырууга бюджеттен 1 миллиард сом керектелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан