Жогорку Кеңеште таза суу маселеси боюнча өкмөттүк саат 31-январда өтө турган болду. Бул тууралуу чечим бүгүн, 24-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде кабыл алынды.
Аталган маселе боюнча өкмөттүк саатты өткөрүү сунушун Айнуру Алтыбаева киргизди. Жыйынтыгында сунуш колдоо таап, баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жасамай болду. Комитет жыйынында калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө маселе каралды. Баяндаманы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев жасайт.