Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө маселе каралып жатат.
Анда депутат Айтмамат Назаров 2023-жылга чейин бардык айылдар таза суу менен камсыз болот деген сөздөр айтылып жүргөнүн эске салды. "Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев өрт өчүрүүчүлөрдөй эле иштеп жатат. Кайсы айылда таза суу жок болсо ошол жерге барасыз, бирок маселе чечилбейт. 2023-жылга чейин бардык айылды кантип таза суу менен камсыз кылабыз? Убада бергенден жыйынтык чыкпайт. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматын жетишсиз деп таап, департаменттин директору Аскарбек Токтошевдин кызмат ордун кароону сунуштайм", - деди Назаров.
Депутат Мирлан Бакиров Аскарбек Токтошев аракет кылып иштеп жатканын айтып, дагы убакыт берилүүсү керектигин билдирди.
Жыйынтыгында таза суу маселеси боюнча тийиштүү жетекчилерге чара көрүлсүн деген чечим кабыл алынды.