SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар эмне үчүн кенже келин болууну каалабайт?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Менде бир ой пайда болду. Бул жашоодо бардык нерсе болот эмеспи. Көпчүлүк кыз-келиндер эмне үчүн үйдүн кенже келини болууну каалабайт. Айымдардын баары эле үй-бүлөдө улуу келин болгусу келеби?" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Мен, тескерисинче, жакшы көрөм. Баласын коюнуңа салып берген ата-энеде жана эң кичүүсү болуп төрөлгөн адамда эмне күнөө? Тескерисинче, кайын журттун көкүрөк күчүк эрке келини болуп жүргөн жакшы го?"
- "Ар түрдүү ойдогу адамдар бар. Кээ бири кенжеси болууну кааласа, кээ бири каалабайт. Ар бир келин жаңы үйгө өзү кожойке болгусу келет. Жаңы бөлүнүп, кичинекей үй-бүлөнүн кызматын кылуу жана түйшүгүн моюнга артуу оңой. Кайнененин колунда ар дайым кийлигишүү менен жашагандан коркушат го".
- "Кайнененин ар кандайы болот. Жаман болсо чыдаш керек, жакшы болсо урматтоо керек. Ким кандай мамиле кылса, өзү да ошону көрөт дешет. Андыктан сүйүү болсо кенжеси болобу, улуусу болобу тийип кете берет деп ойлойм".
- "Жакынкы эле бир окуяны жазайын. Менин иним 3 балалуу болгон. Бир туугандар жылына бир жолу айылга үйгө чогулабыз. Бизге караганда инимдин кайындары алардын үйүнөн чыкпайт экен. Балдарды багышабыз деп жайында 2-3 кызы жүрөт. Андан сырткары жайында Көлгө барып бир жума эс алып кетишет. Ушул жазында иним үй-бүлөсү менен тоого сүт ичкени чыкса, кайнежеси бир курбусу менен барыптыр. Мына жыргал кайда?! Анткени үйдүн кичүүсү да... Келин 3 баласын алып төркүнүнө баса бериптир. Анын сөзү боюнча иним айылдагы жерлерин, машинасын сатып, банктан насыя алып Бишкектен үй алышы керек экен. Азыр иним балдарын кыя албай анын артынан жүрөт. Болгону алардын колунда энебиз эле бар. Аларды үйгө калтырып жатканда бардыгыбыз жардам бергенбиз. Үйү шаардын үйлөрүнөн кем калбайт. Менин оюмча, бул текеберчилик. Аны кетирип эле башка аял алганы оң го деп ойлойм".
- "Атамдын эң кичүү инисинин келинчеги, жеңем биздин үй-бүлөбүзгө 18 жашында келген. Үйдө чоң атам, чоң апам, алардын 2 кызынын 4 баласы, 2 уулунун 3 баласы жашачу. Күндө чоң чара менен камыр жууруп, нан жапчу. Ал аз келгенсип күндө эт асып, гүлчөтайды колго жасачу. Бизге чоң атамдын үйүндөгү жашоо кызык болуп, күндө сабактан келгенде инилерим болуп шашып жөнөчүбүз. Ошончо адамга түткөн жеңеме ыраазымын. Кайната-кайненесинин батасын алып, азыр элдин алды болуп жашашат. Бул да болсо келечекке алган сабагым деп билем. Айтайын дегеним, улуу келинби, кичүү келинби, улуулардын батасынан куру калбасак".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.