Ошто 3 бала итке таланып ооруканага түштү

Ош шаарында 3 бала итке таланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникасынын орун басары Жыргал Кадыров билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар кечээ, 23-декабрда ооруканага кайрылышкан. Алар 6, 7 жана 11 жаштагы балдар болушкан.

"Балдар Ош шаарынын ар кайсы көчөлөрүнөн итке таланган. Үч баланын тең буттары жабыркаган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, абалдары туруктуу. Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы иттердин кутурганын же кутурбаганын текшерип жатышат", - деди Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AksyKum
2018-12-24 15:18:12
3бала итке таланыпбы же ит 3баланы талапбы
-6
JaneEr
2018-12-24 15:23:32
Иттерди атып жок кылыш керек.Аябай кайдыгер карашат.Жолбун ит толуп кеткен Ошто.Эч ким жооп бербей жатат арыздансак
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан