Өлкөдө мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 16 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 25-декабрда кабарлады.Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары 2018-жылдын 28-декабрында каникулга чыгышат. Каникул 13-январга чейин созулуп, 14-январдан баштап окуу улантылат.
2018-жылдын башында мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 10-январга чейин улантылып,11-январь күнү өлкөдөгү бардык мектептерде окуу башталган болчу.