Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети мектеп окуучуларынын билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Демилгечилердин бири Мирлан Жээнчороевдин айтымында, Конституцияда акысыз билим берүү укугу кепилденгенин билдирди.
"Жыл сайын болжол менен жашы жете элек өспүрүмдөр жасаган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталат. Ушул тапта 9-классты бүтүргөн 9 миң 754 бала билимин уланткан жок. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүндүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан, аларды жумушка алуу ишканалар үчүн пайдасыз", - деп айтышты демилгечилер.
Ошондон улам 10-11-класстар үчүн милдеттүү акысыз билим берүүчү кесиптик окуу жайларын киргизүү демилгеси сунушталууда.
Ал үчүн алдын ала эсептөөлөр боюнча республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757 миллион сом, анын ичинен жалпы билим берүү уюмдарына 182 миллион сом, башталгыч кесиптик билим берүүгө 277 миллион сом жана орто кесиптик билим берүү тутумуна 297 миллион сом талап кылынат.
Мыйзам долбоору колдоо тапса, 2020-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирмекчи.
Билим берүү тармагына 2019-жылдын республикалык бюджетинде 32 миллиард сом каражат каралган.