Терек-Сайдагы кенди кайтарган ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полку дале ошол аймакта иштеп жатат

Чаткал районундагы алтын казган "Эти Бакыр Терек-Cай" ишканасын азыр да сыртынан Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери кайтарууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда аталган полктун басма сөз кызматынан билдирди.

"Биздин кызматкерлер кендин сыртынан гана кайтарууда. Ал эми кендин ичиндеги жагдайга жооп беришпейт", - деди басма сөз кызматкери.

Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрь күнү кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отряддын 3 кызматкери жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылган соң арадан көп өтпөй 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. 2-декабрда 15 тургун суракка алынып, 6 адам 2 айга убактылуу кармоочу жайга, 9у СИЗОго киргизилгени кабарланган. 17-декабрда алардын 13ү үй камагына чыгарылган.

Маалыматтарга караганда, "Эти Бакыр Терек-Cай" компаниясы Чаткал районунда өз ишин убактылуу токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан