Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өттү. Аталган жыйында депутаттар Кыргыз мамлекети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык долбоорлордун аткарылышана макулдугун берди. Каражат климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарын туруктуулугун күчөтүүгө жумшалат.
Долбоордун жалпы бюджети 43,6 миллион долларды түзөт.
Азия өнүктүрүү банкынын каражаты 38,6 миллион доллар, анын ичинде гранттык каражат 16,8 миллион доллар, жеӊилдетилген насыя каражаты 21,8 миллион долларды түзөт. Мындан тышкары Кыргыз өкмөтү долбоорго 5 миллион долар кошот. Насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилүүдө.
Бул долбоор 3 бөлүктөн турат: Ирригациялык инфратүзүмдөрдү модернизациялоо, ирригация тутумун жана айыл чарба жерлерин башкарууну жакшыртуу, табигый кырсыктардын коркунучтарын улуттук деӊгээлде башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө болуп саналат.