Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн, 24-декабрда мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулашты.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев "Чала молдо дин бузат" деген накыл кепти эске салды.
"Биз билими жок адамдардан эмес, чала сабат адамдардан коркушубуз керек. Мисалы, ооруп калсак билими жок адамдарга барбайбыз, колунда билим алды деген диплому бар дарыгерлерге кайрылабыз. Анткени алардын чала сабат дарыгер экенин билбейбиз. Ошондуктан жаштардын сапаттуу билим алышына өзгөчө маани берүү зарыл”, - деди эл өкүлү.