Бишкекте "Тез жардам" кызматындагы автоматташтырылган башкаруу системи көрсөтүлдү

Бишкектеги Медициналык "Тез жардам" борборунда 24-декабрда автоматташтырылган башкаруу системи коомчулукка көрсөтүлдү. Анда медициналык тез жардам көрсөтүүчү борбордун диспетчер бөлүмүндөгү системдин иши жөнүндө маалымат берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Бишкек мэри Азиз Суракматов, вице-мэр Асел Куламбаева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Гүлнара Молдобаева, Тез медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов жана медицина кызматкерлери катышты.

Белгилүү болгондой, автоматташтырылган систем калкты тейлөөнү жакшыртуу, түрдүү кырсыктарда жабыркаган адамдардын абалын оорлошуп кетүүсүнүн алдын алуу, өлүмдүн санын кыскартуу максатында киргизилип жатат. Системде "Тез жардамдын" ишинин автоматташтыруу боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүү, мобилдик тиркеме бар. Алар чакырууларды кабыл алуу жана ишке ашыруу, бригадаларынын ишин башкаруу (көзөмөлдөө), чакыруулар тууралуу маалыматты сактоо, пайдалануу жана отчёт даярдоо.

Жалпы системде чакырууларды кабыл алуу жана алынган маалыматтарды жайгаштыруу боюнча программа, дарыгердин телефонундагы мобилдик тиркеме, айдоочу, статистикалык бөлүм бар.

Долбоорду ишке ашырууга шаардык бюджеттен 6,7 миллион сом сарпталган. Бүгүнкү күндө программалык камсыздоо иштери аяктап, сыноо иретинде иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2018-12-25 01:57:41
Прогресс бар.Мобилдик тиркемени да көрдүм. Иш жакшы болуптур. Эми машиналарды көбөйтүп, айлык акыны жогорулатып врачтарды чакырыш калды. Азаматтар.
Бирок таарынбасын мэрди , министрди, башка депутаттарды көргөндө көзүмө жегич, тоногуч сыяктуу эле көрүнөт. Катуу тийсе кечирим сурайм, менин көзүмө ушундай калыптанып калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан