Парламент комитетинде начарлап кеткен жайыт жерлерине мөмө-жемиш бак-дарактарын тигүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Кечээ, 24-декабрда парламент комитетинде начарлап кеткен жайыт жерлерине мөмө-жемиш бак-дарактарын тигүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Депутат Мирлан Бакировдун айтымында, бул мыйзам долбоору боюнча жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дыйкандардын катышуусунда коомдук талкуулар өткөрүлгөн. Мыйзам долбоорунун концепциясында асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүүгө көп жылга пайдаланууга берүү максаты коюлган. "Тагыраак айтканда, бонитети төмөн жайыттарда көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды тигүү үчүн трансформациялоого багытталган. Муну менен айыл чарба жерлерин кыйла интенсивдүү пайдаланууга жетишилет. Асылдуулугу төмөн жайыттарда топурактын эрозиялык процесстери токтойт. Багбанчылык өнүгөт. Калк өз алдынча жумуш орундарын түзүп, кирешелери өсөт. Республиканын экспорттук даремети жогорулап, экономикага да чоң салым кошот, экологиянын жакшырышына өбөлгө болот. Кайра иштетүүчү ишканаларга чийки зат базасы түзүлөт. Салыктык кирешелер көбөйөт. Себеби мурда жайыт үчүн бир гектарга 12 сомдон белгиленген болсо, бул жерлерге мөмө-жемиш бактары тигилет. Бакчалар үчүн салык 25 сомдон болуп, салыктык кирешелер артат", - дейт Бакиров.

Талкууда комитет мүчөлөрү асылдуулугу начар жайыттарга мөмө-жемиш бактарын тигүү бүгүнкү күндө бир топ ретабелдүү болорун белгилеп, мыйзам долбоорунун зарылдыгын, анда эч кандай менчикке берүү жөнүндө сөз жок экенин билдиришти.

Жыйынтыгында өкмөттүн өкүлдөрү демилгечилер менен айрым шайкеш келбеген жагдайлар боюнча келишип, орток вариант табылышы керек деген бүтүм чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан