Өлкөнүн 653 айылында таза суу жок. Бул тууралуу кечээ, 24-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекетинде 1813 айыл бар.
"390 айылда СССР мезгилинен бери таза суу курулмалары салынган эмес. Ал эми 263 айылдагы таза суу жабдуулары 1970-жылга чейин курулган. 2018-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу таза суу курулмалары менен камсыздоого 250 миллион сом каралган. Мындан сырткары республикадагы таза суу боюнча көйгөйлүү делген айылдарга Дүйнөлүк банк 71 миллион 200 миң долларга барабар портфели менен жер-жерлерге таза суу чыгарууга “Ала-Тоо булагы” деген программа менен кирген. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүндөгү таза суу маселесинин чечилиши үчүн Ислам өнүктүрүү банкы 23 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкы 25 миллион 700 миң доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 100 миллион евро бөлүү чечимдерин кабыл алышкан", - дейт Токтошев.