"Кыргыз мамлекети дагы 10 өлкөгө визасыз режим киргизсе, жок дегенде биздин 6 жаран жумуш менен камсыз болот". Мындай пикирин бүгүн, 25-декабрда депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Аталган жыйында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
"Кыргыз мамлекетинде жумуш орду менен камсыз болбогон жарандар көп. Эгерде айрым мамлекеттерге визасыз режимди киргизсек туристтердин саны өсүп, биздин жарандар тейлөө тармактарында иштеп, жумуш менен камсыз болот. Жарандарга ушундай жол менен болсо да жумуш орду менен камсыз болууга шарт түзүлөт. Туристтердин акчасы биздин бюджетке түшөт", - деди эл өкүлү.