Орусияга иштөө үчүн кетип 2 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Кыргыз жаранын көргөндөр табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталына анын туугандары билдирди.
"Кечээ бизге бир нече адам телефон чалып, Нурлан Бабековду мындан 1 ай мурун Санкт-Петербургдан көргөндөрүн билдиришти. Буюрса, илинчек бар, учурда Санкт-Петербургга билет алып жүрөбүз. Өзүбүз барып, сураштырып табалы деп чечтик", - дейт эжеси.
Буга чейин 48 жаштагы Н.Бабеков 2016-жылдан бери дайынсыз болуп жатканын анын туугандары билдирген. Акыркы жолу ал 2015-жылы 24-декабрда байланышка чыкканы да маалым болгон.