Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Кыргыз мамлекетинде табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” тууралуу мыйзам долбоорун каржылоо тууралуу маселесин карады. Аталган жыйында мыйзам долбоорун баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен үчүнчү окууда жактырды.
Долбоорду ишке ашыруу алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз мамлекетине 20 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын 50 пайызы жеӊилдетилген насыя, 50 пайызы гранттык каражат болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилет.
Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 192 авариялык абалдагы мектептин имараты бар.
Кыргыз мамлекети боюнча 12 район табигый кырсык тобокелдиги бар аймакка кирет. Ошондон улам, бул долбоордун алкагында жер кыртышынын жаракаларына жакын жайгашкан 50 мектептин имараты иликтөөгө алынмакчы.