Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.
"Digital CASA" долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат. Кызыкдар операторлор бар, алар менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында, санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Ошондой эле бул долбоор аркылуу элет жергесинин алыскы аймактары толугу менен сапаттуу жана ыкчам интернет менен камсыз болот", - деди төрага.
Долбоор 4 компоненттен турат: Телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү, санариптик платформаларды жана "акылдуу" чечимдерди өнүктүрүү, санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жана институционалдык өнүктүрүү, программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.