Облустар арасындагы эң аз каражат кеткен балаты Баткенде орнотулду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Баткен шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Бадалов кабарлады.
Анын айтымында, жалпы жаңы жылдык иш-чараларга 88 миң сом коротулган.
"Жаңы жылдык иш-чараларга жалпы жолунан 100 миң сом бөлүнгөн. Балаты орнотуу боюнча жарыяланган тендерди 78 миң сом сунуштаган компания утуп алды. Балатыны орнотууга 66 миң сом коротулуп, 12 миң сом шаарды кооздоого сарпталды. Ошондой эле, 10 миң сомго жаңы жылдык көгүлтүр от уюштурдук. Жаңы жылдык иш-чараларга 88 миң коротуп, шаардык бюджетке 12 миң сом үнөмдөп калдык. Муну менен Кыргыз өлкөсүндөгү эң аз каражат Баткен облусунун балатысы болду.
Балатынын бийиктиги 14,5 метрди түздү. Жылдагыдан айырмачылык болсун деп быйыл балатынын гирляндалары вертикалдык түрдө илинди", - деди Бадалов.