Орус математиги Эдуард Дубов суукка тоңуп каза болду

Орус математиги, Эл аралык шахмат федерациясынын мүчөсү Эдуард Дубов Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде суукка тоңуп каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Дубов мас абалында көчөдө жаткан жеринен "Тез жардам" кызматы ооруканага алып барган.

"22-декабрда ооруканага суукка тоңгон белгисиз адам алып келинген. Ал дарыгерлердин аракетине карабай, 23-декабрда реанимацияда жан берген. Кийинчерээк каза болгон адам алкоголдук ичимдик ичкендиги аныкталды.

Полициянын териштирүү иштеринин жыйынтыгында, маркум 80 жаштагы математик Эдуард Дубов экендиги белгилүү болду. Москва математикалык коомунун жана Эл аралык шахмат федерациясынын мүчөсү болгон Дубов 1990-жылдары Москванын шахмат федерациясын жетектеген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
boris8907
2018-12-25 22:42:25
Эч ким карабай бомж болуп кетсе керекда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан