Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жарандарды Жаңы жыл майрамында тамактанууда кылдат болууга чакырат.
Департаменттин билдирүүсүндө жазылгандай, сапатсыз же мөөнөтү өткөн азыктардын аз эле бөлүгү салаттарга кошулуп калса ал ичеги-карын ооруларын козгошу мүмкүн. Көп азыктар кошулган салаттар, крем менен даярдалган таттуулар, кышкы салат, килкилдек, маринаддалган бадыраң өңдүү азыктар сапатын жоготкон болсо ууландырууга алып келет. Мындан тышкары адамдын ичеги ооруларын козгоочулардын сап башында таза эмес жуулган жашылча-жемиштер да турат. Алардын сыртында ичеги-карын ооруларын козгоочу инфекциялар болушу мүмкүн.
Тамактан уулануунун жана жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн төмөндөгүлөрдү эске алыңыз:
- Тамак-аш, салат, таттууларды даярдоодо мөөнөтү өткөн жана кайра-кайра тоңдурулган азыктарды пайдаланбаңыз;
- Бат бузулуучу азыктарды майрамга чейин эле сатып алуудан алыс болуңуз;
- Идиштердин тазалыгына көңүл буруңуз;
- Чийки азыктар менен даяр тамактарды муздаткычка саларда бири-биринен алыс же өз-өзүнчө коюңуз, үстү жабылуу болгону жакшы;
- Бат бузулуучу тамактарды майрамдан кийин да жегенде абайлаңыз, анын сактоо эрежелерин эстен чыгарбаңыз, 24-48 саат ичинде желгени жакшы;
- Жаңы даярдалган тамакка мурун даярдалган тамакты кошпоңуз;
- Азык-түлүктү сатып аларда анын сырткы көрүнүшүнө, сактоо мөөнөтүнө көңүл буруңуз;
- Бөлмөнү бат-баттан желдетип туруңуз.
"Тамакка уулануунун белгилери - адамдын дене табы көтөрүлүп, табити жоголот. Жүрөгү айланып, кусат, ичи өтөт, күчү жок болуп алсырайт. Бул учурда дарыгерге кайрылуу же "Тез жардам" кызматын чакыруу керек. Ошондой эле үйдө даярдалган консерваланган азыктарды пайдаланууда ботулизмге кабылуудан абайлоо зарыл", - деп жазылат маалыматта.