Парламентте "Расмий статистика жөнүндө" мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 26-декабрда парламентте "Расмий статистика жөнүндө" мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоордун максаты Улуттук статистика системинин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу болуп саналат. “Мыйзам долбоору “мамлекеттик статистика” же “улуттук статистика” терминдеринин ордуна “расмий статистика” терминин колдонуу сунуш кылынат. “Расмий статистика” термини алгачкы кезекте сапаттын жагдайын белгилеп көрсөтөт. Ошондой эле колдонуучулар үчүн берилген маалыматтарды макамы жана сапаты боюнча караштырат”, - деп жазылат.

Күн тартип боюнча жыйында 8 маселе каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан