Ноокатта Тажикстандан жер-жемиштерди мыйзамсыз ташып келе жаткандар кармалды. Жүктүн жалпы баасы 1 миллион сомго жакын

Кыргыз-Тажик чек арасында кургатылган жер-жемиштерди мыйзамсыз ташып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу 25-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айылында Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери А.Т. аттуу айдоочусунун башкаруусунда чиркегичи менен MAN TGA 26.430 унаасын токтотушкан. Анын ичинен Таджикистанда өндүрүлгөн кургатылган жемиштер табылган. Эксперттин корутундусуна ылайык товардын жалпы баасы 943 миң 420 сомду түзгөн.

Чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dalil
2018-12-26 09:05:58
Эмне Тажикстанда кургатылган деген мөөрү бар бекен кактарда? Ушул кактарды көргөн көздөрү тажиктерге өтүп жаткан өйдөдөгүлөрдүн мыйзамсыз күйүүчү майларын көрбөй калышат. Долясын бербегени үчүн кармадык деп эле айтсаңар чындыкка жакындамак.
+7
Tolkun555
2018-12-26 09:16:59
Эптеп эл өз оокатын кылып жатат.аны да ар жерден бут тосуп иштете койбойсуңар.караларың бир жактан менттериң бир жактан салыкчыларың бир жактан
+3
Jelezo
2018-12-26 14:24:54
Тажикстандын бут момо жемиши менен пияз,чеснокдору Бишкеке келип Кыргызстандын атынан оформит этилип анан Казакстан,Россияга чыгып жатат ошонун эсебинен ички дун продукциянын коолому (ВВП)осуп бирок экономикага эч кандай пайдасы тийбестен таможня менен чек арачылардын чонтогун толтуруп жатышат.Документ жасаш учун 10мин сомдун тегерегинде фитосанитария кызматчылары алып жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан