Бишкекте "Тез жардам" кызматы Жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Бишкекте 29-декабрдан тарта "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Бул тууралуу "Тез жардам" борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-декабрдан тарта келе жаткан жылдын 7-январына чейин аталган кызмат күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүү планы бекитилди.

"Тез жардам" кызматы тиешелүү дары-дармектер менен толук камсыздандырылып, нөөмөттө туруучу жетекчилер дайындалып бүттү. Шаардын тургундарынын жана конокторунун саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн 38 медициналык бригада иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 11 ай аралыгында "Тез жардам" кызматына 143 миң 470 чакыруу түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан