Талас шаарында жаңы жылдык балатынын чырактары жандырылды

Талас шаарында жаңы жылдык балатынын чырактары жандырылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге шаардык мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, балатыны жандыруу аземи 25-декабрь күнү кечки 18:30да өттү.

"Балатыны жандыруу аземи майрамдык оюн-зоок менен коштолду. Салтанатта шаардык мэриянын кызматкерлери Талас шаарынын тургундарын жана конокторун келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты.

Шаар борборуна коюлган балатынын узундугу 14,5 метр, туурасы 6 метрди түзөт. Шаарды Жаңы жылга карата жасалгалоого жалпы жонунан 137 миң сом сарпталды", - деп айтышты мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан