
"Түндүк электр" ачык акционердик коому Жаңы жылда жарыксыз калбаш үчүн электр энергиясына болгон карызды убагында төлөөгө чакырат. Бул тууралуу аталган мекеме билдирүү таратты.
Маалым болгондой, өз убагында төлөм жүргүзбөгөн керектөөчүлөр Жаңы жылда жана андан кийинки эс алуу күндөрүндө жарыксыз калышы мүмкүн.
"Ай сайын электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системи төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Жаңы жылда жана андан кийинки 1-7- январь эс алуу күндөрү электр жарыгысыз калбаш үчүн "Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына болгон эсеп-кысапты алдына ала жүргүзүүгө чакырат.