Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев өлкө аймагында билим берүү деңгээли төмөн мектептерге кандай чаралар көрүлөрүн сурады. Ал аймактардагы мектептердин билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн бардык жактан иш-аракеттер болушу керектигин айтты.
"Артта калган мектептерге көңүл бурбай, таштап койгон болбойт. Бардык жактан көзөмөлгө алалы, ошондо гана натыйжа берет. Ал мектептерге мамлекеттик бюджеттен да каражат бөлүнө берсин, биз дагы башка жакшыртуу жолдорун издейли", - деди Нурбаев.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билим берүү деңгээли төмөн мектептердин мугалимдерине ар кандай окутуулар жүргүзүлөрүн айтты.
"Билим берүү деңгээли начар мектептин мугалимдери, жакшы жетишкендиктеги мектепке барып тажрыйба алышат. Алардын иш тажрыйбасы дайыма көзөмөлдө турат", - деди Жусупбекова.
Учурда “Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланууда.