Бишкекте экстремизмге каршы аракеттенүү маселеси талкууланып жатат

Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте экстремизмге каршы аракеттенүү маселеси талкууланып жатат. Ага укук коргоо органдарынын, Дин иштери боюнча мамлекетттик комиссиянын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Талкуунун темасы "Экстремизмдин алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттары менен аракеттенүүнүн ролу" деп аталат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов өз сөзүндө экстремизмге каршы иш-аракеттер канчалык алып барылганы менен натыйжа болбой жатканын белгиледи. Анын айтымында, экстремизм менен күрөшүүдө жалгыз эле мамлекеттик органдардын аракети жетишсиз.

Ал эми ИИМдин экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция боюнча бөлүмүнүн башчысы Эрлан Бакиев диний экстремизм жана терроризм жаштарга басым жасап жатканын айтып, ага каршы туруу үчүн "Интернет кайгуул" долбоору иш алып барып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaku2017
2018-12-26 13:54:19
Эктримизм радикалимз кайдан келип чыгат. Албетте диний фанатизмден келип чыгат. Ойлоп көрсөн Чубак менен Абдышүкүргө бир гана согушка, сөккөнгө, коркутканга жараган фанаттар эле керек окшойт. Диний башчылар кайда барба атайлап коз создорду суйлөшуп, чечендик онорлукту оздоштуруп алышып, карапайым элдин конулун оздоруно алышып, аягында оздорун Кудайга тенеп жатышат. Ашыкча ислам фанатизм отоо эле коркунучтуу.
0
yrmat88
2018-12-26 14:09:58
Динчилдер калп эле Алла -деп сүйлөгөндү жакшы көрөсүңөр! Бирок башкалардан эч артыкчылыгыңар жок! Диңге берилбеген, адамдар деле ичибизден жакшы ой-тилек менен жашап жүрөбүз! Кеп Кудайдын алдында шейшепке оронуп, сакал өстүрүп, кулчулукта жашаганда эмес. Агрессивдуу динчилдерге айтаарыбыз! Окуган намазыңарды башкаларга милдет кылбагыла. Биз намаз окуп жүрөбүз, чумконуп журобуз, тигилер эмне аны кылышпайт, - деп ар кимди аңдып жүрөсүңөр. Ар кимди коркутуп үркүтүп Кудайды коркутуучу зат катары кол
-1
BekAmir
2018-12-26 18:35:51
Чубак ажы менен Абдышукур суйлосо элди жакшылыка чакырып атат. Олбочудой суйлоштун эмне кереги бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан