Депутат Билим берүү министрлиги мугалимдерди коргобой жатканын айтты

"Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерди коргобой жатасыңар" деп бүгүн, 26-декабрда депутат Жылдыз Мусабекова парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Ал учурда мугалимдердин статусу коомдо төмөндөп жатканын билдирди.

"Үйдө бир баланы тарбиялоодо ата-энелер чыдабай кетет. Мектепте бир класста жок дегенде 20дан окуучу бар. Алардын арасында тентек, сөз укпаган балдар жок эмес. Тентек кылган баланы мугалим урушуп койсо эле ага асылып, иштен алып жатып каласыңар. Мүмкүн баланын да күнөөсүн карап көрөсүңөр. Билим берүү министрлиги мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатып, аларды колдоого албайсыңарбы", - деди эл өкүлү.

Учурда жыйында "Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mamashovich88
2018-12-26 12:54:09
Ааа түзүк Мусабекова, сага "5".
Ээми эсиңе келип, акылдуу кыз болуптурсуз. Башта каякта жүрдүңүз. Бир убакта мугалимдерди саанчы, колхозчуга теңеп, мугалимдин укуктарын биринчи сиз тебелебей элеби? Же күнөөңүздү эми сезип, жок дегенде ушинтип айтып коюп жагынайын деп турасызбы. Бирок айтып эле койбой иш жүзүнө да ашырууну көзөмөлдөсөңүз.
Дагы бир ирет рахмат, Жылдыз айым!
+2
love_you
2018-12-26 13:27:01
туура, балдардын укугу эле дей бербей, милдетин да эске алсанар.
0
love_you
2018-12-26 13:30:11
азыркы балдарга катуу айткандан коркосун, асынып алабы деп . кыздар боозуп калса да мугалим куноолуу, эрге тийип кетсе, балдар мушташса да мугалим. а эмнеге ошол эле учурда ата-энеге унчуга алышпайт? тун ичинде кызы же уулу тошогундо жатпай кайда жургонун карап, билбеген ата-энеде да куноо. байкуш мугалим бир класстагы ар бир баланы кечинде тошокко жаттыбы, уктап жатабыы деп журуш керекпи? и так эле жазма барактары выше крыши
0
bessmertiy
2018-12-26 14:05:55
А байкуш бир жыл мурда эле мугалимдердин кийимин сындап жүрөт элең го (кечир сиз дегим келбеди). Журналист кызды да айрытып салам деп жүрөт белең. Желиң чыгып калдыбы ээ.
0
Totyua.71.
2018-12-26 14:19:33
Мугалим байкуш кордолду себеби: Мектептен сырткары окуучу асынып алса, мушташып кетсе,сууга акса,уйундо жаңжал чыкса баарына мугалимди кунооолоп,иштен алып,сөгүш берип,чондор эле жыргап жатат
тилдей албайсың илгеркидей болуп,анан т каяктагы билим сапат...!!!
0
shahlet
2018-12-26 19:09:04
Мен дагы согуш алгам, окуучу баланын артынан. Тундо болгон орттун артынан. Ушундай учурда мугалим кандай абалда болушун,элестетип корунуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан