Депутат Кыдыралиев Билим берүү жана илим министрлигин "кызмат ордун бөлүштүрүүдөн башка маселе жокпу" деп сынга алды

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Аталган мыйзам долбоору 65 жаштан өткөн жарандарга мектеп директору болууга тыюу салууга багытталууда.

Талкуу учурунда депутат Умбеталы Кыдыралиев Билим берүү жана илим министрлигин "кызмат ордун бөлүштүрүүдөн башка маселе жокпу" деп сынга алды.

"Талашканыңар 65 жаштан кийин мектеп директорлугуна койбой коюубу? Билим берүү тармагында мындан башка толтура чече турган маселе бар. Жөнөкөй эле китептердеги кетирген каталарды карап, ошол маселени чечпейсиңерби? Учурда менин колумда китептерде кетирилген каталар боюнча 15тен ашык кат турат. Жаңы китеп чыгарабыз дейсиңер. Бирок 1-класстын китебине 2-класстын китебинин сыртын чаптап, чыгарып жатасыңар", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Totyua.71.
2018-12-26 14:13:21
Туура!!!!
0
shahlet
2018-12-26 18:59:26
Мен дагы бир китепти кордум сырты математика ичи англис тили! Ал эми башка китептердин ичиндеге каталарды айтпай эле коеюн!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан