Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеӊеште билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жаш курагын чектөөгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, долбоордун негизги максаты - билим берүү уюмдарынын жетекчилерине болгон талаптарды жогорулатуу.
"Ошондон улам билим берүү уюмдарынын жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишимди токтотуу болуп саналат. Азыркы учурда 65 жаштан өткөн жетекчилердин саны 20 пайыздан ашык бөлүгүн түзөт. Жогорку билим берүү мекемелеринде деле ушул сыяктуу мыйзамдык чектөөлөр бар", - деп кошумчалады Жусупбекова.
Мыйзам долбоорун колдогон депутат Зиядин Жамалдинов билим берүү усулдары заман талаптарына жараша өзгөрүп, кыйла татаалдашып баратканын эске салды.
"Мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде иштеген жаш адистерге жол бошотуп, алардын кызматтан өсүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек", - деди эл өкүлү.
Ал эми айрым депутаттар мындай чектөөлөрдү медициналык мекемелердин жетекчилерине карата да киргизүү зарылдыгын белгилешти.
Депутат Канатбек Исаев Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө предметтик мугалимдин жетишсиздигине көңүл бурууга чакырды. Ошол эле учурда эл өкүлү жакшы иштеп жаткан мектеп директорлорунун тажрыйбасын пайдалануу зарыл экенин айтып, бул мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.