Руслан Казакбаев: "Башкы прокуратура Тышкы иштер министрлигин текшерүүгө алып, одоно катачылыктарды тапкан жок"

"Башкы прокуратура Тышкы иштер министрлигин коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген жүйө менен текшерүүгө алып, бирок одоно катачылыктарды тапкан жок". Мындай пикирин депутат Руслан Казакбаев 25-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Аталган жыйында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралган. Анда Казакбаев 60 күндүк визасыз режим киргизүүдө Тышкы иштер министрлигинде коррупциялык иштер ачылат деген пикирлерге кошулбай турганын айткан.

"Жергиликтүү гезиттердин бири Тышкы иштер министрлигин коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп жазып чыгышкан. Ошондон улам Башкы прокуратура аталган министрликти текшерүүгө алып, бирок одоно катачылыктарды табышкан эмес", - деди эл өкүлү.

Мындан тышкары депутат тамаша иретинде Транспорт жана жолдор министрлигинде, Салык кызматы, Чек ара кызматында дагы "коррупциялык иштер жок" деп айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
taalay25
2018-12-26 16:23:39
Кулкумду келтирет го
0
Bazake
2018-12-26 16:38:28
Туура айтат, Руслан мырза!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан