Чүйдө аялдамага ташталган наристенин бир туугандарынын дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон. Бул тууралуу 26-декабрда SUPER.KG порталына Чүй облусунун райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Эльза Исмаилова билдирди.
"Бизге наристенин апасы андан улуу эки кызынын дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок экендигин айткан. Учурда анын улуу кызынын документи бүткөрүлүп берилди. Ал эми ортончу кызыныкы такталып жатат. Ошондой эле келиндин көзү начар көрө турганын билдик. Себеби бизге алып келген документтерди окууда кыйналып жатканы байкалды", - деди Исмаилова.
Башкармалыктын жетекчисинин айтымында, бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалаган жарандар болуп жатат. Ал эми социалдык кызматкерлер аларды тактап, бул үй-бүлөгө эмне жетишпей тургандыгын аныкташууда. Ал эми аялдамага ташталган наристе балдар үйүндө багылууда.
Буга чейин Чүй облусунун Бурана айылында бир жарым жаштагы наристени кийимдери менен аялдамага таштап кеткен окуя катталган. Наристени 10 күндөн бери эч ким издеп келген эмес. Кийинчерээк наристени аялдамага анын чоң энеси таштап салганы аныкталган.