Депутаттар "мамлекеттик статистика", "улуттук статистика" деген терминди "расмий статистика" деп өзгөртүүнү сунушташууда

Бүгүн, 26-декабрда парламенттин жыйынында "Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Бул долбоордун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Мурадыл Мадеминов, Бактыбек Турусбеков.

Мурадыл Мадеминов мыйзам долбоору Улуттук статистика системинин натыйжалуу иштешин камсыз кылууга багытталганын айтты.

"Жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана коомчулуктун расмий статистикага болгон ишенимин бекемдөө болуп саналат. Статистикалык маалыматтар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүү үчүн керек. Сапаттуу статистика болушу үчүн расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн башка жактардан көз карандысыздыгы камсыздалышы зарыл", - деди эл өкүлү.

Мыйзам долбоору менен "мамлекеттик статистика" же "улуттук статистика" терминдеринин ордуна "расмий статистика" терминин колдонуу сунуш кылынууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
voennyi88
2018-12-26 16:15:40
Кыргыз тилибизден дагы бир созду алдынарбы ошондо.Улуттук деген созду Расмий деп котордунарбы.
0
love_you
2018-12-27 10:43:27
орун алмашуудан сумма озгорбойт, маркум Улан эгизбаевдин "Кадыры жок кадр"беруусундо ушул тармакты адис эмес киши жетектээри айтылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан