Депутат Примов: "Мамлекеттик телеканалдарды келечекте республикалык бюджеттен каржылоону токтотуу керек"

Бүгүн, 26-декабрда парламенттин жыйынында "Жогорку Кеңештин жыйналыштарын түз ободо теле көрсөтүү жөнүндө" токтомдун долбоору каралууда.

Ага ылайык, парламенттин жыйындарын чагылдырган "Пирамида" телеканалы жумушчуларынын айлыгын көтөрүү үчүн бюджеттен дагы 6 миллион сом сурап жатат.

Бул маселе депутаттарды нааразы кылды.

Депутат Улан Примов мамлекеттик телеканалдарды келечекте республикалык бюджеттен каржылоону токтотуу керектигин айтты. "Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жыйындарын чагылдырат экенсиңер, өкмөттөн жарым каражатты сурабайсыңарбы" - деди Примов.

Депутат Кожобек Рыспаев: "Эл өкүлдөрү коомчулукка мактанабыз деп жардамчыларыбыздан баш тарттык, дагы мактанабыз деп унаадан баш тарттык. Дагы эмнебизди берели", - деп нааразы болду Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан