Калктын санын кайра тактоого жарым миллиард сом кетет

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.

Талкууда депутаттар Улуттук статистика комитетинин маалыматтары өкмөт тарабынан толук пайдаланылбай жатканын белгиледи. Аталган жаатта тиешелүү иштерди жүргүзүү керектигине токтолушту. Мындан тышкары расмий статистикалык маалыматтар жарыяланганы менен, анын себебин көрсөткөн далилдер толук чагылдырылбай жатканы эсептөө менен гана чектелбөө керектиги жөнүндө пикирлер айтылды.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев комитет тарабынан берилген маалыматтар чындыкка жакын экенин айтты. "Статистикалык мекеменин ишин жакшыртуу боюнча берген сунуштар менен эскертүүлөр дайыма эске алынат", - деди ал.

Улуттук статистика комитети калктын санын кайра тактоону жүргүзүүгө даярданып жатканы белгилүү болду. Ал үчүн бюджеттен 547 миллион сом талап кылынат.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мыйзам долбоорун колдоо менен бирге, аны андан ары күчтөндүрүү жаатында өздөрүнүн бир катар сунуштарын беришти. Ошондой эле кайсы мамлекеттик орган расмий түрдө туура эмес маалымат берсе, анын жетекчиси жоопкерчиликке тартылууга тийиш экенин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurikkg88
2018-12-26 16:17:39
547млн дейби бул жагы 600$ лык атиштен дагы ашып туштуго андан коро 10 мектеп курулса жашыго калктын санын айыл окмотторго эле чалсанар тактап берет болгону 547 единица кетет
+15
yrmat88
2018-12-26 16:32:45
Жергиликтуу айыл окмоттор, айыл башчылар эмне кылып отурушат. Ошолор эсептеп чыгышпайбы. Айлыктарын эле кутуп отура бербей.
+6
Aman97kg
2018-12-26 17:02:34
Мындай кылгандан көрө өлүп еле кылгыла
+1
kechirmeni
2018-12-26 17:08:17
Соке тигилерди кой де, просто ар бир айыл окмотко, мекемеге эле расмий кат жонотушсо эле тактап берет, анча акчаны коротуштун кереги жок
+7
Baku88
2018-12-26 17:27:03
Бул дагы жегичтердин сол чонтогуно түшөт ХХХХ эптеп кандай болбосун акча жеш керек экен да
+3
BoDiNur
2018-12-26 17:29:16
Улуттук статистика комитети калктын санын кайра тактоону жүргүзүүгө даярданып жатканы белгилүү болду. Ал үчүн бюджеттен 547 миллион сом талап кылынат? Эй уяты жоктор, эн оною калктын санын тактоо го, айыл башчылар ар айылдын санын тактап айыл окмотко берсин, айыл окмот акимге, аким губернаторго, анын эмнесине акча кетет? Бюджетти коюсунарбы жокпу? 2млн болгуло дагы бош олтурган айыл башчы мн айыл окмотту иштеткиле, пусть милдетин аткарсын, калган акчаны карызга бергиле, ойлонгула,ойлогула, ойгон
+4
Boha1
2018-12-26 17:50:28
Мен да ушул ойду айтайын дедим эле. Ар бир райондук администрацияга, администрация айыл өкмөткө кат жолдоп эле элдин эсебин тактоо керек го. Жарым млрд.дын эмне кереги бар. Кат жүзүндө иштешет да. Болгону А4 кагазы менен сыясы эле коробосо.
+2
shahlet
2018-12-26 18:48:48
мамкаттоодо базага тушурулсо,уй булолук медицина да базага тушургон болсо дагы кандай элдин санын тактоо керек деп жатышат
0
stal.ks
2018-12-26 19:08:42
ар бир мугалимге 1000сомдон берсин, мугалимдер кочосун эле кыдырса буттуда
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2018-12-26 23:35:41
Адам эмес экенсинер
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан