Бишкектин Жунусалиев көчөсүн реконструкциялоо иштеринде 312 түп дарак кыйылышы мүмкүн. Бул тууралуу укук коргоочу Калича Өмүралиева социалдык тармактардын бирине жазып чыкты.
"Жунусалиев көчөсүндө 312 түп дарак кыйыларын маалымдайм" деп жазган Өмүралиева.
Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлады.
"Аталган көчөдөгү 312 түп бак кыйылып, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн унаа токтотуучу жай курулушу мүмкүн" делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул жөн гана реконструкция иштерин жүргүзүчү компаниянын сунушу болчу. Бирок, мэрия ал сунушту кабыл алган жок. Азыркы учурда, коомдук талкуу болуп жатат. Талкуунун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Жунусалиев көчөсүндө ашып барса 2-3 дарак кыйылышы мүмкүн", - деди маалымат катчы.