25-декабрдан тартып Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн "Ак-Таш" өткөрмө бекетинин иши калыбына келтирилди. Мындай маалыматты өкмөттөн таратышты.
Аталган макулдашууга 18-декабрдагы эки өлкө премьер-министрлеринин жолугушуусунда кол коюлган.
Аталган өткөрмө бекети Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан жана Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланыштырып турат. Ал 2013-жылдан бери иштебей келген.
Өткөрмө бекети күн сайын саат 9дан 19га чейин иштейт. Чукул кырдаал жаралган жагдайда жарандарды өткөрүү күнү-түнү ишке ашырылат.
Маалыматтарга караганда, Барак эксклавы - Өзбекстан аймагында калган Кыргыз өлкөсүнүн жалгыз аймагы. Анын аянты 230 гектарга барабар болуп, мамлекеттик чек аранын аймагынан 5 чакырым ички бөлүктө жайгашкан. Ал жерде ондогон түтүн үй-бүлө жашай турганы айтылууда. Буга чейин Кыргыз өлкөсүнө караштуу Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавы Кара-Суу районундагы ошол сыяктуу аймакка алмаштырылышы мүмкүн деген маалымат тараган.