Депутат: "Бүгүнкү күндө кен байлыктарды казганга караганда электр кубатын өндүрүү пайдалуу"

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири депутат Экмат Байпакпаев баяндама жасады.

"Бул мыйзам долбоору мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттырууга, чакан энергетика чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашырууга багытталган. Электр кубатынын атаандаш булактарын өнүктүрүүдө болгону “оюндун” туура эрежесин киргизүү керек", - дейт Байпакбаев.

Талкууда депутат Айтмамат Назаров бүгүнкү күндө кен байлыктарды казганга караганда электр кубатын өндүрүү пайдалуу болот деген пикирин ортого салып, мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Ошондой эле электр кубатын өндүрөбүз деген ата мекендик ишкерлердин демилгелери аткаруу бийлиги тарабынан колдоого алынбай жаткандыгы сынга алынды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BekAmir
2018-12-27 11:22:47
Эн туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан