Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев козголгон кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, 25-декабрдагы сот отурумунда 10 жылга кесилди. Андан сырткары мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлө турган болду. Шадиев чет өлкөдө болгону үчүн соттун чечими сырттан окулду.
Кылмыш ишине катыштыгы бар чиновниктердин сырттан камалышы Кыргыз жеринде кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат. Соттук чечимдердин күчү жок, кылмышкерлер чет өлкөдөн келбейт. Ошону менен бирге жазага да тартылбайт.
SUPER.KG порталынын "Чиновниктерге алгач качып кетүүсүнө шарт түзүп берип, анан сыртынан соттой берүү оң жыйынтык алып келеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жооп берди.
Эл өкүлү чиновниктерге качып кетүүгө шарт түзүп берди деген так маалымат жок экенин айтты.
“Шадиевге карата соттун чечимин маалымат каражаттарынан окудум. Сыртынан соттоо боюнча чечим чыгыптыр. Сыртынан камоо бул дагы жаза, коомчулук толук билип жатат. Чет мамлекетке качып, мекенине келе албай жүргөн - бул чоң жаза. Башка чиновниктерге чоң сабак болуп мындай жолго барбашы керек. Өзүнүн киндик каны тамган жеринен, мекенинен алыс жакта жүргөнү Кудайдын чоң жазасы”, - дейт Карашев.
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, юрист Икрамидин Айткулов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.